Ош шаары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууда
Бүгүн, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар башталды.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, дүйнөлүк масштабдагы спорттук жана маданий майрамга Ош шаарынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекованын жетекчилиги алдында чоң делегация катышууда.
Ош шаарынын атынан Кырчын жайлоосунда «Ош ордосу» уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, көргөзмө жана башка иш-чараларга даярдыктар жүргүзүлүүдө.
«Ош ордосунда» шаардын тарыхы, бай маданияты, улуттук кол өнөрчүлүгү жана даамдуу улуттук тамак-аштары кеңири тааныштырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:21
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















