Трамп Иранды мажбурлабаганын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүгө умтулбай турганын билдирди.
"Иранды сүйлөшүү столуна мажбурлоого аракет кылып жаткан жокмун. Алар өздөрүнө пайда алып келбеген келишимге кол коюшса да, мага баары бир",- деп жазган Трамп TruthSocial соцтармагында.
Ал азыркы кырдаалды артык көрөрүн белгилеп, мындай деди: "биз Ормуз кысыгын дээрлик толугу менен көзөмөлдөп турабыз жана алардын экономикасы толугу менен талкаланган".
Айта кетсек, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен Израил сүйлөшүүдө сый-урматсыз мамиле кылып жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















