Норвегиянын жаңы падышасы парламентте ант берди
Кечээ, 1-сентябрда Норвегиянын жаңы падышасы Хокон VIII парламентте ант берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Парламенттин төрагасы Масуд Гараххани сөз сүйлөп, падыша Харальд Vнин урматына бир мүнөттүк эскерүү жарыялады. Аземге парламенттин мүчөлөрүнөн тышкары, Норвегиянын кронпринцессасы Ингрид Александра, ханзаада Сверре Магнус жана Харальд Vнин жубайы Соня катышты. Хокон VIIIнин жубайы ден соолугуна байланыштуу аземге келе алган жок.
Европада эң улуу монарх болгон падыша Харальд V 28-августта 89 жашында каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















