super.kg logo

Америкалык ырчы Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин билдирди (видео)

 

Америкалык белгилүү ырчы Николь Шерзингер Кыргызстандагы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, социалдык тармактагы баракчасына Бишкектен тартылган видеону жарыялады.

Ырчы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышып, 31-августта "Бишкек Аренада" сахнага чыгып, күйөрмандарына өзүнүн белгилүү ырларын тартуулаган.

"Кыргызстан, силер укмуш элес калтырдыңар! Мага көрсөткөн сүйүүңөр, энергияңар жана колдооңор үчүн рахмат. Мага көрсөткөн жылуу мамилеңерге жана меймандостугуңарга абдан ыраазымын. Көптөгөн жаңы, керемет адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Бир күнү кайра келем!",- деп жазды Шерзингер.

Анын билдирүүсү кыргызстандык күйөрмандардын жылуу пикирлерине ээ болду. Ырчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде негизги коноктордун бири болду.






Америкалык ырчы Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: