Манас Ниязов: "Казакстан оюнга катуу даярданып келиптир" (видео)
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы А тайпасында өзбекстандык атаандаштарын 12:4 эсебинде жеңди.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда бүгүн, 3-сентябрда болуп өттү.
Кыргызстандын белгилүү көк бөрүчүсү Манас Ниязов бардык командалар мыктылыгын көрсөтүп жатканын белгилеп, Казакстан да жогорку даярдыкта келгенин билдирди.
"Казакстан жакшы даярдыкта келиптир. 30дай ат алып келишкен, бул жактан да сатып алышкан",- деди Ниязов.
Белгилей кетсек, көкпар мелдешине 7 команда катышат, алар эки тайпага бөлүнгөн.
Манас Ниязов: Казакстан оюнга катуу даярданып келиптир
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















