Манас Ниязов: "Ачылышта аябай сүйүнүп, көздөн жаш айланды"
Белгилүү улакчы Манас Ниязов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын "Бишкек Аренада" өткөн салтанаттуу ачылыш аземи тууралуу өз оюн билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда мындай масштабдагы иш-чаранын өтүп жатканы өзгөчө сыймык жана чоң толкундануу жараткан.
"Ачылышта аябай сүйүнүп, көздөн жаш айланды. Мындай сезимди сөз менен айтып жеткирүү кыйын",- деди Манас Ниязов.
Улакчы Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча курамада ойноп жатат. Учурда алар Монголияны жана Өзбекстанды утушту.
Манас Ниязов: "Ачылышта аябай сүйүнүп, көздөн жаш айланды"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















