Көчмөндөр оюндары: Медалдык эсепте кайсы өлкө алдыда?
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдык эсепте алдыда келе жаткан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.
Көрсөткүчтүн сап башында Кыргызстан турат. Өлкө куржунунда 9 алтын, 6 күмүш, 2 коло байге бар. Экинчи орунда 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медаль менен Орусия келе жатса, үчүнчүдө 2 алтын, 3 күмүш, 1 коло менен Түркмөнстан.
Төртүнчү сапта Казакстан 2 алтын, 1 күмүш, 4 коло менен турат. Бешинчи орунда 1 алтын, 2 күмүш, 8 коло медаль менен Монголия келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















