super.kg logo

Биринчи вице-спикер жана Жогорку Кеңештин депутаты Кырчындагы “Евразия” боз үйүнө барышты

 

Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери Медербек Алиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында жайгашкан “Евразия” боз үйүнө барышты.

Конокторду “Евразия. Кыргызстан” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө “Евразиянын” Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, ишке ашырган долбоорлору жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, коноктор боз үйдө уюштурулган салт-санаа, оюн жана чыгармачылыкты айкалыштырган интерактивдүү программа менен таанышты.

Анда төмөнкү активдүүлүктөр каралган:

• таяк тартыш;
• тогуз коргоол;
• чүкөлөрдү боёо;
• «Орнаментти тап» оюну;
• чүкө оюну;
• «Евразия» жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиптери түшүрүлгөн килем токуу.

Килем токуу – боз үйгө келген ар бир каалоочу катыша ала турган масштабдуу чыгармачылык долбоор.

АНО «Евразия» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болуп саналат.

Кырчын капчыгайындагы этношаарчада жайгашкан «Евразия» боз үйү 6-сентябрга чейин иштейт. Каалоочулар интерактивдүү иш-чараларга катышып, «Евразиянын» долбоорлору менен таанышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына өз салымын кошо алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: