ДКО 2026: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды
Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Көк-Бөрү» аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Мелдешке 10 өлкөдөн - Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия, Тажикстан жана Кытайдан - 42 спортчу катышты. Балбандар 90, 100 жана 110 килограммга чейинки үч салмак ченинде күч сынашты.
90 килограммга чейин:
1. Откелбай Дарын — Казакстан
2. Бердибек уулу Ислам — Кыргызстан
3. Норкулов Тойчубек — Тажикстан
4. Нематуллаев Саидаф — Өзбекстан
100 килограммга чейин:
1. Избассаров Сырым — Казакстан
2. Мунур уулу Амантур — Кыргызстан
3. Эшбеков Наврузбек — Тажикстан
4. Зокирджонов Азизбек — Өзбекстан
110 килограммга чейин:
1. Башан Асхат — Кыргызстан
2. Абдыраханов Турд — Кытай
3. Еркинулы Нуржан — Казакстан
4. Шайтан Харджаубай — Монголия
Жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон, күмүш медаль ээлерине 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлерине 60 миң сомдон акчалай сыйлык берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















