ДКО: Кыргыз күрөшүнүн жыйынтыктары
Кечээ, 3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдешке дүйнөнүн 43 мамлекетинен келген 81 спортчу катышкан.
Жыйынтыгында, 60 килограммга чейинки салмакта алтын медалды кыргыз балбаны Толубай Шүкүров жеңсе, күмүштү өзбекстандык, колону грузиялык жана монголиялык балбандар алышкан.
84 килограммда Мусабек Азизкан аттуу кыргызстандык жаран чемпион болсо, экинчи орунга өзбекстандык, үчүнчүгө тажикстандык жана түркмөнстандык спортчулар татыган.
100 килограммдан жогорку салмакта кыргыз балбаны Бактияр Мирлан уулу чемпион болду. Ал эми күмүш байге казакстандыкка, коло байге өзбекстандык жана монголиялык балбандарга буюрган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















