Ошто кесипкөй бокс турнири өтөт
Ош шаарында кесипкөй бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Иш-чара Ош шаардык мэриясынын колдоосу жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулуп жатканын Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов билдирди.
Анда Кыргызстандын атынан Амантур Жумаев, Ыйманбек Бийзаев, Азизбек Ходжаев, Акжол Сулайманбек уулу жана Сагынбек Сатыбалды уулу рингге чыгат. Алар Тажикстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Азербайжан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен беттешет.
Мындан тышкары, Франция, Венгрия жана АКШдан келген мушкерлер да мелдешке катышат.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кесипкөй бокс боюнча Азиянын чемпиондук куру үчүн тарыхый кармаш өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















