super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курамасынын курамы белгилүү болду

 

Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курамасы 2026-жылы Японияда өтө турган Азия оюндарына катышат. Курамды Надирбек Мамадалиев жетектейт. Ал команданын башкы машыктыруучусу болуп 25-августта дайындалды.

Азия оюндарында негизинен 23 жашка чейинки футболчулар ойногону менен андан улуу үч оюнчуну киргизе алат. Олимпиадалык курамга 25 футболчу кирди. Алардын арасында 23 жаштагы Християн Браузман жана 28 жаштагы Кай Мерк да бар.

Эскерте кетсек, Азия оюндары Японияда 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Кыргызстан тайпалык баскычта Таиланд, Япония жана Гонконгдун курамалары менен беттешет. Оюндар 16, 20 жана 23-сентябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: