Мас абалда экинчи ирет унаа башкарып кармалган айдоочу эркинен ажыратылышы мүмкүн
Ош шаарында мас абалда унаа башкарган жаран экинчи ирет кармалды. Эми ага 1 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүндүгүн бүгүн, 4-сентябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран буга чейин 2026-жылдын 7-июлунда Ош шаарында мас абалда унаа башкарганы үчүн жоопкерчиликке тартылып, транспорт каражатын башкаруу укугунан 2 жылга ажыратылган. Бирок ал ага карабастан кайрадан мас абалда унаа башкарган. 6-августта саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы Э. Алиев көчөсүндө Lexus 470 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулду.
Текшерүүдөн соң айдоочунун мас абалда болгону расмий тастыкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери аяктаган. Иш соттук кароого жөнөтүлдү.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















