Кырчында улуттук өнөрдү даңазалаган Аида Жээнчороева туристтерди суктандырды (видео)
Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы этно-шаарчада улуттук өнөрдү көрсөткөн чеберлердин бири Аида Жээнчороева болду.
Ал келген конокторго кыргыз элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири болгон ичеги өрүмдөрүнүн түрлөрүн көрсөтүп, атайын мастер-класс өткөрүүдө.
Аида ичегини жөн гана өрүп койбостон, улуттук тамак-аштарды жасалгалоодо колдонулган ыкмаларды да көрсөтүүдө. Алсак, ажыдаар, ак куу, өрдөк сыяктуу формаларды жасап, тогуз каттап өрүү ыкмасын да үйрөтүүдө. Ошондой эле быжы, өпкө куймай сыяктуу улуттук тамактарды даярдоонун өзгөчө ыкмаларын көрсөтүп жатат.
Өзгөчө ыкма менен жасалган мындай тамак-аштын түрлөрү чет өлкөлүк туристтердин да кызыгуусун жаратып, алар кыргыз элинин салт-санаасына жана улуттук маданиятына суктанып жатышат.
Аида Жээнчороева Кырчындагы мындай мастер-класстар кыргыздын унутта калбай келе жаткан салттуу өнөрүн дүйнөгө таанытуунун мыкты үлгү болорун билдирди.
Кырчында улуттук өнөрдү даңазалаган Аида Жээнчороева туристтерди суктандырды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















