Непалдагы селден каза тапкандардын саны 1300гө жакындады
Непалдагы катуу суу ташкынынан каза болгондордун саны 1287ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Непалдын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу башкармалыгы X социалдык тармагынан кабарлады.
Кырсыктын көпчүлүгү Читван, Чыгыш Навалпараси жана Батыш Навалпараси райондорунда болгон.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө кырдаалдар кызматы 13 миңден ашык адамды куткарып калды. 5000ден ашуун адам дайынсыз. Дайынсыз жоголгондордун арасында 583 чет элдик жаран бар экени айтылды.
Жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу иштерине 21 миңден ашык коопсуздук кызматкери тартылган.
Эскерте кетсек, суу ташкыны 26-августта Непалдын түндүгүндө болгон. Непал менен Кытайдын ортосундагы Расувагади чек ара бекетинен болжол менен 20 чакырым түндүк-чыгышта агып өткөн Лхенде Хола дарыясындагы суу ташкындап келген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















