Бүгүн Кырчында этношаарчадагы маданий программа жыйынтыкталат
Бүгүн, 5-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасынын расмий маданий программасы жыйынтыкталат.
Маданий программанын аякташына байланыштуу 6-сентябрда этношаарчада санитардык күн жарыяланат. Бул күнү санитардык жана техникалык зарыл иштерди жүргүзүү үчүн аймак конокторго жабык болот.
7-сентябрдан 10-сентябрга чейин этношаарча кайрадан келүүчүлөр үчүн ачылып, ишин улантат. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар 5-сентябрды кошо алганда каттамдарын улантат.
7-сентябрдан тартып акысыз шаттл-автобустар каттабайт. Бул күндөрү келүүчүлөр этношаарчага жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















