ДКО: Күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча жыйынтыктар
Бүгүн, 5-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча мелдештер өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн. Татар кореши боюнча 100 килограммдан жогорку салмак ченинде 32 мамлекеттен келген балбандар күч сынашкан. Ал эми Пахлавани боюнча 90 килограммдан жогорку салмак ченинде 36 мамлекеттен келген балбандар таймашкан.
Кореш боюнча жеңүүчүлөр:
- 1-орун Радик Салахов (Орусия)
- 2-орун Баяман Мыктыбеков (Кыргызстан)
- 3-орун Мерсад Шахери (Иран)
Пахлавани боюнча жеңүүчүлөр:
- 1-орун Жоозегани Мостафа Тагхани (Иран)
- 2-орун Сейтек Догдурбек уулу (Кыргызстан)
- 3-орун Бат-Орших Батсуури (Монголия)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















