VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында расмий медалдык эсеп жүргүзүлбөйт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөлөрдүн ортосунда расмий медалдык жана командалык эсеп жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу кечээ, 6-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, оюндун концепциясында мамлекеттердин жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг түзүү каралган эмес.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн негизги максаты - салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнөлүк коомчулукка таанытуу, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө. Көчмөндөр оюндарынын негизги идеясы атаандаштыктан эмес, ынтымактан жана биримдиктен турат. Ошондуктан оюндун жыйынтыгы менен мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг чыгарылбайт",- деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















