Трамптын өкүлдөрү Киевге Зеленский менен жолукканы барышты
АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жолугушууда Орусия-Украина согушун токтотуу боюнча жаңы сунуштар талкууланганы айтылды. Бирок тараптар бул идеялардын мазмунун азырынча ачыкка чыгарышкан жок.
Уиткофф Украина, АКШ жана Орусиянын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу мүмкүн экенин билдирди.
Зеленский болсо согушту токтотуу үчүн эки тарап тең компромисске барышы керектигин айтып, Украина күчтүү позиция менен сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Украинанын президенти Уиткофф менен Кушнердин Киевге сапары учурунда Орусиянын үч күнгө соккуларды токтотконун "абадан коргонуу жакшы иштеди" деп тамашалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















