Майами аэропортунда учак кырсыктап, 5 адам каза болду (видео)
АКШнын Майами шаарындагы эл аралык аэропортто Boeing 767-300 жүк ташуучу учагы конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, унаалар токтотулган жайда кырсыктап, өрт чыкты.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, кеминде 5 адам каза болуп, дагы бир нече адам жабыркаган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени айтылды.
Кырсыкка кабылган учак Amazon Air үчүн каттам аткарып жаткан 21 Air авиакомпаниясына таандык. Ал Пуэрто-Рикодон Майамиге учуп келген.
Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Майами аэропортунда учак кырсыктап, 5 адам каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















