Непалда суу ташкынында дайынсыз жоголгон аял 10 күндөн кийин тирүү табылды (видео)
Непалда 26-августтагы суу ташкынынан кийин дайынсыз жоголгон аял 10 күндөн соң тирүү табылган. Бул тууралуу 5-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Чандики Кумари Шреста аттуу айым өз үйүндө суу жана ылайдын арасында пайда болгон тар аба мейкиндигинде 10 күн жашаган. Анын төрт кабаттуу үйү ташкындын агымынан талкаланып, кумдун арасында калган.
Куткаруучулар үйдүн жанынан өтүп бара жатып, аялдын жардамга чакырган үнүн угушкан. Полиция кызматкери Махендра Дарналдын айтымында, аялды 45 мүнөттөн кийин урандылардын арасынан чыгарып, ооруканага жеткиришкен.
Маалыматка ылайык, аялдын үй-бүлөсү аны каза болду деп эсептеп, аза күтүү аземин өткөрө баштаган.
Буга чейин 26-августта Лангтанг-Лирунг тоосунда мөңгүнүн кулашы суу ташкынына алып келген. Кырсыктан 1,3 миңден ашуун адам каза болуп, 5 миңге жакын адам дайынсыз экени айтылат. 13 миңден ашуун адам, анын ичинде 274 чет элдик жаран куткарылган.
Непалда суу ташкынында дайынсыз жоголгон аял 10 күндөн кийин тирүү табылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















