Орусия-КЭДР чек арасында биринчи унаа көпүрөсү ачылды
Бүгүн, 7-сентябрда Орусия менен Түндүк Корея ортосунда Тумандуу дарыясы (Туманнная река) аркылуу өткөн жаңы унаа көпүрөсүндө кыймыл ачылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ачылыш аземине эки өлкөнүн өкмөт башчылары Михаил Мишустин менен Пак Тхэ Сон видеобайланыш аркылуу катышып, унаалардын жүрүшүнө уруксат беришти.
Көпүрөнүн узундугу бир чакырымдан ашат, ал эми кирүү жолдору менен өткөөлдүн жалпы узундугу 4,7 чакырымды түзөт. Көпүрө эки тилкелүү болуп, Орусия менен КЭДРдин ортосундагы биринчи унаа байланышын камсыздайт.
Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим 2024-жылы Владимир Путин менен Ким Чен Ындын катышуусунда түзүлгөн. Курулуш иштери 2025-жылдын апрелинде башталган.
Жаңы көпүрөгө 1946-жылы Ким Ир Сенге жасалган кол салууда аны гранатадан сактап калган советтик офицер Яков Новиченконун аты берилди. Жаңы транспорттук каттам эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө жана жүк ташууларды көбөйтүүгө шарт түзүүгө багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















