super.kg logo
  Спорт  

УЕФА Непалдагы суу ташкынынан каза болгондорду эскерет

 

УЕФА Чемпиондор лигасынын жаңы сезонундагы биринчи турдун бардык беттештери Непалдагы суу ташкынынан каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү менен башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Биринчи турдун беттештери 8-10-сентябрь күндөрү өтөт.

Непалдын түндүк аймактарында 26-августта мөңгүнүн көчүшүнөн жана анын артынан болгон жер көчкүдөн улам суу ташкыны катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 1355 адамга жетип, дагы 4996 киши дайынсыз болууда.

УЕФАнын президенти Александер Чеферин Европа футбол коомчулугу Непал элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөтөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: