super.kg logo

Казакстан Кытайдан дагы 6,6 миллиард юань карыз алууну пландоодо

 

Казакстандын Каржы министрлиги Кытайдан жалпы көлөмү 6,6 миллиард юанды түзгөн облигацияларды жайгаштыруу боюнча арыздарды чогултууда. Бул болжол менен 448 миллиард теңгеге барабар.

Маалыматка караганда, эки чыгарылыш пландалууда. Анын биринчиси 5 миллиард юань өлчөмүндө болуп, мөөнөтү үч жылды түзөт. Бул облигациялар боюнча кирешелүүлүк 1,8-1,9 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө.

Экинчи чыгарылыш - 2031-жылга чейин эсептелген беш жылдык "панда-облигациялар". Алардын болжолдуу кирешелүүлүгү 1,9-2,2 пайыз болот. Акыркы пайыздык чен азырынча аныктала элек.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын май айында Казакстандын Каржы министрлиги Кытайдын фондулук рыногунда биринчи жолу юань менен номинацияланган 3,4 миллиарддык юандык "панда-облигацияларды" чыгарган. Анын көлөмү ошол кездеги курс менен 244 миллиард теңгеге жакын болгон.

Эксперттердин айтымында, Кытайдын валютасындагы карыздар Казакстан үчүн салыштырмалуу арзан каржылоо мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле бул каражаттар казакстандык жана кытайлык компаниялар биргелешип ишке ашырып жаткан ири долбоорлорду каржылоого багытталышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: