Манас шаарында 5 кабаттуу үйдүн абалы текшерилди
Манас шаарындагы Байзаков проспекти, 30/35 дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу турак жай имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнү Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы жүргүзгөн.
Адистер имараттын үстүнө жеңил конструкциядан кошумча кабат курууга мүмкүнчүлүгүн жана негизги конструкциялардын кошумча жүктү көтөрүү жөндөмүн баалашты. Ошондой эле долбоордук-техникалык документтер каралып, имараттын негизги конструкцияларынын техникалык жана физикалык-механикалык абалы текшерилди.
Жыйынтыгында имараттын курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аны мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















