super.kg logo

Баян Алагузова Forbes журналынын таасирдүү аялдар рейтингине биринчи жолу кирди

 

Казакстандык продюсер жана ишкер Баян Алагузова Forbes Kazakhstan журналы түзгөн өлкөдөгү эң таасирдүү 25 аялдын рейтингине биринчи жолу кирди.

Ал тизмеде 21-орунду ээледи. Forbes Алагузованы продюсер жана актриса гана эмес, ишкер катары да белгилеген.

Баян Алагузова Shine Production продюсердик борборун негиздеп, ошондой эле BM Production компаниясын жетектейт. Анын портфелинде коммерциялык жана автордук долбоорлор бар. Мындан тышкары, ал «КешYOU» кыздар тобунун ишмердигин башкарат.

2026-жылдын март айында продюсер АКШда тартылган «WHAT IS ҰЯТ?» толук метраждуу тасмасынын съемкалары аяктаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: