super.kg logo
  Спорт  

Мбаппе “Алтын топту” утарына ишенет

 

Франциялык футболчу Килиан Мбаппе быйыл карьерасындагы эң маанилүү сыйлыктардын бири - “Алтын топту” жеңип алышы мүмкүн экенин айтты.

Мен быйыл “Алтын топту” уткан учур келиши мүмкүн экенин сезип жатам. Бул жайда эң маанилүү турнир - дүйнө чемпиондугунда тарыхый жетишкендиктерге жетиштим”, - деди Мбаппе чет элдик басылмаларга.

“Алтын топ” (Ballon d’Or) - жыл сайын дүйнөдөгү эң мыкты футболчуга берилүүчү абройлуу жеке сыйлык. Аны француздардын France Football журналы уюштурат.

Сыйлыкты аныктоодо футболчунун жеке статистикасы, командалык ийгиликтери, маанилүү беттештердеги оюну жана сезон ичиндеги жалпы таасири эске алынат.

“Алтын топтун” эң көп жеңүүчүсү - Лионель Месси, ал сыйлыкты 8 жолу алган. Андан кийинки орунда 5 жолку жеңүүчү Криштиану Роналду турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: