Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болуп дайындалды
Кечээ, 7-сентябрда кинорежиссёр, сценарист жана продюсер Айбек Дайырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-сентябрда кол койгон.
Айбек Дайырбеков "Карек" балдар кино фондунун жана республикалык балдар-жаштар кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле кыргыз улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгын уюштурууга салым кошкон.
Ал режиссёр катары "Дарак ыры", "Эрмен жыты", "Кайык" жана башка тасмаларды тарткан. 2018-жылы чыккан "Дарак ыры" тасмасы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















