Жердин айлануусу тездеди: Убакыттын бир секунду кандай өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн?
Окумуштуулар Жердин өз огунун айлануу ылдамдыгы өзгөрүп жаткандыктан, дүйнөлүк убакыт стандартын Жердин айлануусунан ажыратууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Жердин айлануусу акырындык менен ылдамдап жаткандыктан, убакытты эсептөөдө айырма пайда болууда. Адистердин айтымында, келечекте дүйнөлүк сааттан бир секундду алып салуу зарылдыгы жаралышы мүмкүн. Мындай өзгөрүү техникалык системдер үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал.
Айрыкча компьютердик программаларда, навигациялык системдерде, энергетика тармагында жана каржы рынокторунда мүчүлүштүктөрдүн болуп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан учурда окумуштуулар убакытты Жердин айлануу ылдамдыгына көз каранды кылбоо маселесин карап жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















