super.kg logo

Депутат чек араны бузгандарды жазага тартууну демилгеледи

 

Мамлекеттик чек араны коргоо үчүн курулган тосмолорду же атайын белгилерди бузгандарды жазага тартуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутат Бактыяр Калпаев иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Документте чек арадан аткезчилер товар алып өтүүдө зымды кыйган учурлар кездешип жатканы баяндалат. Андыктан, Кылмыш-жаза кодексин жаңы берене менен толуктоо сунушталат. Ал берене мыйзам бузгандарды 2 жылдан 5 жылга чейин абакка кесүүгө негиз берет.

"Чек ара ондогон жылдар бою жана жогорку баа менен аныкталганын түшүнүү маанилүү. Анын коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү үчүн ар кайсы жылдары аскер кызматчылары жана карапайым жарандар өз өмүрлөрүн беришкен. Ошондуктан чек ара курулмаларын атайылап бузуу жөнөкөй мүлктү бузуу катары эмес, мамлекеттин кызыкчылыктарына шек келтирген олуттуу жосун катары кабыл алынууга тийиш", - деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: