super.kg logo

Эйфел мунарасында аял кызматкерлерге байланыштуу чыр чыкты

 

Париждеги Эйфел мунарасынын кызматкерлери жетекчиликтин аял кызматкерлерге байланыштуу чечимине нааразычылык билдирип, кечээ, 7-сентябрда бир күндүк иш таштоо өткөрүштү.

Буга 5-сентябрда мунарага барган индуисттик BAPS уюмунун 100гө жакын мүчөсүнүн талабы себеп болгон. Делегациянын өкүлдөрү аялдар менен мүмкүн болушунча аз байланышта болууну суранышкан. Жетекчилик бул талапка макул болуп, айрым аял кызматкерлердин ордуна эркектерди ишке койгон.

Бул чечим кесиптик бирликтин нааразычылыгын жаратып, кызматкерлер аял кесиптештерин колдоо максатында иш ташташкан.

Учурда Париж бийлиги окуя боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Эйфел мунарасынын жетекчилиги аялдардан жана жалпы жамааттан кечирим сурап, бүгүн, 8-сентябрдан тарта мунара кадимки режимде иштей баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: