УКМКнын мурдагы кызматкерлерине байланыштуу кылмыш иштери тергелүүдө
Учурда бизнес өкүлдөрүнүн УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу арыздарынын негизинде 36 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда парламентте башкы прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектурганов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, иштерди Аскер прокуратурасы тергеп жатат.
"УКМКнын 24 кызматкерине айып коюлган. Калган шектүүлөр жөнөкөй адамдар. Тергөөнүн иштери уланууда",- деди Бектурганов.
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Бектургановду кызмат ордуна дайындоого макулдугун берди.
Эске салсак, апрель айында мурдагы башкы прокурор Максат Асаналиев УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 386 арыз түшкөнүн билдирген. Ал учурда Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин тергеп жаткан. Ошондой эле атайын кызматтын 9 кызматкери кармалган.
Июнь айында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мекемени реформалоонун алкагында 96 кызматкер кызматтан четтетилгенин, ал эми 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголгонун билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















