Сентябрда Сатурн менен Юпитерди телескопсуз көрүүгө болот
Сентябрь айында асманды телескопсуз байкоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу илимдин доктору, агартуучу жана окутуучу Сергей Чумаков 8-сентябрда "Известия" басылмасына билдирген.
Адистин айтымында, бул айда негизги көңүлдү Сатурнга бурууга болот. Ал Бишкек убактысы менен 23:30дан кийин чыгыш тараптагы горизонттон көрүнүп, түн бою байкалат. 27-сентябрда Ай Сатурнга жакын жайгашкандыктан, планетаны табуу жеңилирээк болот.
Ошондой эле Юпитерди да байкоого мүмкүнчүлүк бар. Ал түнкү саат 06:00 чамасында чыгыш тараптан көрүнөт.
Күн баткандан кийин түштүк тараптан Вега, Денеб жана Альтаир жылдыздарынан турган жайкы-күзгү үч бурчтукту көрүүгө болот. Батыш горизонттун үстүндө Арктур, ал эми түндүк-чыгыш тарапта Капелла пайда болуусу күтүлөт.
Адис асманды байкоо үчүн имараттары бийик эмес, горизонту ачык жерлерди тандоону сунуштайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















