super.kg logo

Игорь Шестаков: “Аяз Баетовдун БУУдагы өкүл болуп дайындалышы Кыргызстан үчүн маанилүү”

 

Саясат таануучу Игорь Шестаков Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматын Аяз Баетовдун аркалашын өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдей турган маанилүү кадам деп баалады.

Чындыгында, биздин БУУдагы туруктуу өкүлдү алмаштыруу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Менин оюмча, бул дагы эртерээк болушу керек эле. Анткени Кыргызстан менен катар эле эл аралык укуктун принциптерин да коргой турган кесипкөй адис керек болчу.

Акыркы жылдары эл аралык укук жаатында абал өтө оор болуп жатканын көрүп жатабыз. Аны бардык эле мамлекеттер тиешелүү деңгээлде сактай бербейт. Мындан улам аскердик жаңжалдар да аз эмес.

Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселесин жөнгө салып, маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда эл аралык укукту негиз катары карманарын көрсөттү. Балким, дал ушул себептен Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу укугуна ээ болду.

Баетов мырза тууралуу айта турган болсок, кесибине байланыштуу ал укуктук нюанстарды жакшы билет. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында эл аралык чечимдерди кабыл алууга, укуктук шарттарды камсыз кылууга байланышкан чечимдерди кабыл алуу процесстерине бир нече жолу түздөн-түз катышкан.

Ошондуктан анын кесиптик билими жана тажрыйбасы Кыргызстандын мындай абройлуу жана өкүлчүлүктүү уюмдагы ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатат деп ойлойм.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өкүлчүлүк алган учурда мындай кесипкөй адистин пайда болушу өзгөчө маанилүү деп эсептейм”, - деди саясат таануучу Игорь Шестаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: