super.kg logo

Кыргыз режиссёру Алтынбек Максүтов Голливудга чакырылды

 

Кыргызстандык режиссёр Алтынбек Максүтов америкалык режиссёр Эрик Ялгашев тарабынан Голливудга чакырылды. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда америкалык адистин "Кабар" аегенттигине берген маегинде маалым болду.

Ялгашев Кырчын жайлоосундагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн даярдалган аянтчага жогору баа берип, аны "даяр киноаянтчага" салыштырды.

Анын айтымында, Максүтов АКШда режиссёрлорго жана кино тармагынын адистерине мастер-класс өткөрөт.

Эскерте кетсек, Максүтов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру. Ошол эле учурда ал 2014-жылдан бери Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана алардын маданий программасын даярдоого режиссёр катары катышып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: