Кытайдан келген товардан мамлекетке ири сумма түшпөй калганы аныкталды
Бажы кызматы кечээ, 8-сентябрда металл прокатынын партиясын тариздөөдө мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Маалыматта товарлар Кытайдан ташылып келгени айтылат. "Кант" бажы текшерүү жайынын башкы инспекторлору жана товар ташылган фирманын өкүлү бажылык көзөмөлдү жүргүзүүдө жана товарды чыгарууда мыйзам бузууларга жол беришкен.
Товарды туура эмес классификациялоонун натыйжасында бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Натыйжада аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган. Шектүүлөр Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















