super.kg logo

Бишкекте концерт уюштуруу шылтоосу менен жарандарды алдоого шектүү кармалды

 
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал апрель айында жабырлануучуга чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда концерт уюштуруп жатканын айтып, аны инвестиция салууга көндүргөн. Шектүү андан 20 миң доллар алып, май айында 24 миң доллар кылып кайтарып берүүнү убадалаган. Деген менен акчаны алгандан кийин концерт болгон эмес. Шектүү каражатты коротуп салган. 25 жаштагы жарандын үстүнөн ушул сыяктуу дагы башка арыздар түшкөн.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: