Темирлан Сманбеков Эл артисти наамын алды
Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда кол койгон жарлыкка ылайык, бир катар өнөр адамдарына Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. Алар:
- Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев;
- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Боромбай Кулахматов;
- Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти Темирлан Сманбеков;
- Театр жана кино актёру, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси Болот Тентимышов;
- Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын артисти Самидахан Халматова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















