Ошто түн ичинде унааларды айдап качууга шектелип жаш жигит кармалды
Ош шаарында унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал эки Honda Fit үлгүсүндөгү унааны уурдаган. Шектүү бирин 3-сентябрь түнү, дагы бирин 4-сентябрь түнү токтоп турган жерлеринен айдап качкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн шектүү уурдалган унаалардын турган жерлерин көрсөтүп берген. Натыйжада темир тулпарлар ээлерине кайтарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















