ЖЫЛНААМА: Маңыздуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Сыймык Бейшекеев 52 жашта
Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Эл артисти, белгилүү ырчы жана обончу Сыймык Бейшекеев 52 жаш мааракесин белгилеп жатат. Бейшекеев 1974-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. Ал 11 бир туугандын экинчиси. Атасы совет доорунда айдоочу болуп эмгектенсе, апасы мугалим болгон.
Ырчынын музыкага болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Ал 6-класстан тарта комуз чертип, ырдай баштаган. Ошондон улам мектепте Бейшекеев катышпаган кароо-сынактар дээрлик өтчү эмес.


Мектепти аяктагандан кийин борбор калаага окууга тапшыруу үчүн келген. Алгачкы сынактан бир ырга үнү жетпей, өтпөй калган. Бирок багынбай, кийинки жылы кайрадан сынак тапшырып, Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык студияга кабыл алынган. Кийин Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө билим алган.
Чыгармачылык жолунда 1994-1999-жылдары Кыргыз улуттук филармониясындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенген. Ал "Токтогулга кетесиңби", "Ак көйнөк", "Арзуу", "Бөлөмө", "Жакшы сөз айтчы мага" жана башка ырлары менен калың элге таанылган.
Сыймык Бейшекеев тууралуу кызыктуу фактылар
- Анын концертине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов келип, өнөрүн жандуу угуп, ырчыга ак батасын берген.
- Бейшекеев көп жылдан бери чыгармачылык менен катар жаш таланттарга тажрыйбасын бөлүшүп, шакирттерин тарбиялап келет.
- Ырчы 1999-жылдан бери туулган күнүн концерт менен белгилеп келет. Быйыл да өзүнүн 52 жаш мааракесине карата концерттик программа тартуулайт.
Жеке жашоосунда Бейшекеев Нурзада аттуу айым менен баш кошкон. Жубайлар эки уул, эки кызды тарбиялап келишет. Сыймык Бейшекеев жөнөкөйлүгү жана маанилүү, маңыздуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчылардын бири.
9-сентябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















