super.kg logo

Ош юстиция башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Жунусов дүйнөдөн кайтты  

 

Ош юстиция башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Жунусов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Юстиция министрлигинен билдиришти.

Жунусов 1981-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. Юридикалык билим алып, эмгек жолун 2001-жылы Конституциялык сотто консультант болуп баштаган. Ал жылдар бою Конституциялык сотто, прокуратурада, Мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңеште жана Сот департаментинде эмгектенген. Юстиция тармагында да көп жыл иштеп, жардамчыдан жетекчинин орун басарлыгына чейин жеткен. 2021-жылдын декабрынан бери Ош юстиция башкармалыгын жетектеп келген.

Министрлик маркумду кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу жетекчи катары эскерип, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Маркумдун артында жубайы жана 5 баласы калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: