super.kg logo
  Саясат  

"Депутаттардын бир жылдык айлыгы 500 миң сомго да жетпейт" дейт Төрөбай Зулпукаров

 
"Депутаттарга 1 жылда 6 миллион сом коротулса, президентке бир жылда 1 миллиард сом бөлүнөт". Бул тууралуу ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, ЖКдагы иш башкармалыктын штатын кыскартуу жана депутаттарга бөлүнчү каражатты ар бир депутатка бөлүп берүү туура. "ЖКда ар бир депутатка бир жылда 6 миллион сом кетет деген туура, бул чындык. Мен 2 жыл ичинде кызматтык иш сапарга бир сом корото элекмин, ал тургай унаама бир сомдук бензин короткон жокмун. Бензин алайын десең эле "мындай кагаз толтуруңуз" дей берет экен, эмнеге мен кагаз толтуруп жүрүшүм керек?" деди Абдрахманов.  Ал эми депутат Асия Сасыкбаева "ар бир депутатка жылына 6 миллион сом кетет деген жалган. Ошондой эле  ЖКдан берилчү каражатты ар бир депутатка бөлүп берүү керек деген туура эмес. Анткени жыйынга келбеген, мыйзам жазбаган депутаттар толтура, аларга эмнеге акча бөлүп берүү керек?"деди. Депутаттардын айлыгы боюнча депутат Төрөбай Зулпукаров "депутаттын айлыгына корогон акча жылына 500 миң сомго жетпейт" деди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: