Кыргызстандан Азия оюндарына 6 боксчу катышат
Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 6 мушкер барат.
Бокс боюнча мелдештер 21-сентябрдан 2-октябрга чейин Япониянын Айти префектурасындагы Нисио шаарындагы өтүп, жалпысынан 11 комплект медаль ойнотулат.
Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу курамга киргизген мушкерлер:
- 55 килограммга чейин — Зафарбек Камилов;
- 60 килограммга чейин — Мунарбек Сейитбек уулу;
- 70 килограммга чейин — Ихтияр Нишанов;
- 80 килограммга чейин — Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 90 килограммга чейин — Бакыт Токтосун уулу;
- 92+ килограмм — Мырзакир Кошалиев.
Ал эми XX Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















