Кытайдан кийин эле кыргыз кыздары... Пляж волейболчуларынын дүйнөлүк рейтинги көтөрүлдү
Кыргызстандын аялдар арасындагы пляж волейболу боюнча жуптар Роза Расулбек кызы менен Огулай Кудайкулованын дүйнөлүк рейтинги 443-орунга көтөрүлдү.
Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын Волейбол федерациясы билдиргендей, жаңыланган "Volleyball World" рейтингине Кытайда 2-6-сентябрда өткөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгы таасир этти.
Кыргызстандык жуп чемпиондукта үч беттеш өткөрүп, тайпадан чыга алган эмес. Ага карабастан, мелдештин жыйынтыгында 300 рейтингдик упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 953-орундан 443-орунга көтөрүлдү.
Ал эми Азия аймагындагы спортчулардын рейтингинде Расулбек кызы менен Кудайкулова 80-орунга жайгашты.
Бул жуп буга чейин да эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, 2025-жылы пляж волейболу боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык этабына жолдомо алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















