super.kg logo

13 миң жылдык табышмак: Онеж көлүнүн түбүнөн өзгөчө катмар табылды

 

Орусиядагы Онеж көлүнүн түбүнөн болжол менен 13 миң жылдык өзгөчө катмар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окумуштуулар "кызгылт горизонт" деп атаган бул катмардан темир оксидинин бөлүкчөлөрү адаттан тыш көп өлчөмдө аныкталган.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, катмар болжол менен 12,9-12,8 миң жыл мурун байыркы Онеж мөңгү алдындагы көлүндө пайда болгон. Анын өзгөчөлүгү - катмардын чек арасы так көрүнүп, көлдүн ар кайсы бөлүктөрүнөн окшош издер табылган.

Бул мезгил Жерде Кеч Дриас деп аталган кескин сууктоо башталган учурга туура келет. Болжол менен 12,8 миң жыл мурун температура кайра төмөндөп, суук мезгил 1200 жылдай созулган.

Айрым изилдөөчүлөр бул өзгөрүүгө метеорит же кометанын таасири себеп болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Бирок анын климаттын кескин суукташына түздөн-түз себеп болгону азырынча далилдене элек.

Изилдөөчүлөр "кызгылт горизонттун" магниттик өзгөчөлүктөрүн башка аймактардагы байыркы катмарлар менен салыштырып, анын пайда болушуна эмне себеп болгонун аныктоого аракет кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: