Селкинчектен кулаган кызды кайгуул кызматкерлери ооруканага жеткиришти (видео)
Кечээ, 9-сентябрда Бишкекте кайгуул кызматкерлери селкинчектен кулап, башынан жаракат алган жашы жете элек кызды тез арада ооруканага жеткиришкен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыздын апасы кызмат өтөп жаткан кайгуул кызматкерлерине кайрылып, медициналык жардам көрсөтүү үчүн кызын ооруканага жеткирүүгө жардам берүүнү суранган.
Кыз №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылды.
Селкинчектен кулаган кызды кайгуул кызматкерлери ооруканага жеткиришти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















