Талгарбеков Ташиевдин өкүл атасы эместигин айтты
“75чилердин каты” боюнча сот отурумунан кийин айыпталуучу Бекболот Талгарбеков Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, ал Ташиев менен 1997-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп барган учурда таанышкан.
“Ошондон бери жакшы мамиледебиз. Ал учурда үч баласы бар эле. Анан мен кантип өкүл атасы болуп калам? Өзүнүн өкүл атасы бар. Эгер өкүл атасы болсом, сыймыктанмакмын. Себеби Ташиевди, биринчиден, мекенчил инсан, экинчиден, таза жетекчи, үчүнчүдөн, өтө жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматкер катары билем”,- деди Талгарбеков.
Ал ошондой эле Ташиевдин Садыр Жапаровду колдоп келгенин белгиледи.
“Эки жылдан бери коомчулукка, бизге, аксакалдарга да “досум Садыр Жапаровду колдоп бергиле” деп айтып келген. Анан генерал-полковникке эмне үчүн ишенбейбиз?”,- деди Бекболот Талгарбеков.
Талгарбеков
0

Супер-Инфо
super.kg видео















