Ысык-Көлдө 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга даяр
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктады.
Курулуш министрлиги билдиргендей, билим уясы жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.
"Мектептин курулушу 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 226 миллион сомду түзгөн.
Жаңы мектепте окуу класстарынан тышкары, лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар жана спорт залдары каралган",- деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















