Москва көчөсүн түтүн каптап, жашоочулар кафеге даттанды
Бүгүн саат 20:15тер чамасында Московская көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин катуу түтүн каптады. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа келген. Бирок өрт чыкканы тууралуу маалымат тастыкталган эмес.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, түтүн үйгө жанаша жайгашкан кафеден чыгышы мүмкүн. Алардын сөзүнө караганда, бул буга чейинки үчүнчү ушундай учур. Мурда кафе тарапта соруучу түтүктөн өрт чыгып, ошондой эле жертөлөнү түтүн каптаган.
Тургундар бул көйгөй боюнча бир нече жолу мэрияга жана акимиатка кайрылганын айтышат. Алардын билдирүүсүндө, кафе буга чейин айыпка жыгылганы менен, маселе дагы деле чечилген эмес.
Түтүн
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















