Азия оюндарына бара турган эркин күрөш боюнча балбандардын тизмеси толукталды
Японияда өтө турган 2026-жылкы Азия оюндарына баруучу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы толукталды. Буга чейин Дүйнөлүк күрөш бирикмеси тизме өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирген.
Маалыматка ылайык, мелдеште 6 салмак категориясында медалдар ойнотулат. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматын боюнча, өлкө намысын 6 балбан коргойт. Эркин күрөш боюнча мелдештер 30-сентябрда башталат.
Курамдын тизмеси:
- 57 килограммга чейин - Бекзат Алмаз уулу;
- 65 килограммга чейин - Эрназар Акматалиев;
- 74 килограммга чейин - Орозобек Токтомамбетов;
- 86 килограммга чейин - Малик Шаваев;
- 97 килограммга чейин - Каныбек Абдулхаиров;
- 125 килограммга чейин - Арсланбек Турдубеков.
Эскерте кетсек, XX Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат. Мелдештер Япониянын Нагоя шаарында орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















